www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги былтыр төрөлүүнүн саны 5,4 пайызга азайганын билдирген. Өткөн жылы «балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуучулардын саны дээрлик 13 пайызга азайды. . «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөттүн көрсөткүчү төмөндөп жатат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянганда, 2019-жылы төрөлүүнүн саны 173 миң 484 болгонун, 2020-жылы 158 миң, 2021-жылы 150 миң катталып, жылдан-жылга азайып жатат. ЖК депутаты мындан улам төрөттү стимулдаштыруу, үчүнчү бала төрөлгөн үй-бүлөгө колдоо көрсөтүүгө багытталган программаларды ишке киргизүүнү сунуштады.

2025-жылдан тарта үч балалуу үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган «Алтын бала» программасын иштеп чыкканын . ЖК депутаты айтты. Анын негизинде мыйзам долбоору да жазылып, бир үй-бүлөдө төрөттүн санын көбөйтүү үчүн үчүнчү төрөлгөн балага үч жыл боюнча жөлөк пул берүү сунушталат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости