www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

530 кыргызстандыктын сөөгү келди

2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган.

Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан алып келинсе, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан алынып келгендер. Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн. Тышкы иштер министрлигинин  маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп алынып келген.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости