www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырды. Бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сомду түздү.

Парламент ушул эле күнү 2024-жылдын бюджетин бекетти. Министрлер кабинетинин эсебинде кийинки жылы киреше 378 млрд 400 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 9 млн сом болот деп бекитилди. Профицит – өлкөнүн кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч.

Мамлекеттик бюджет боюнча мыйзам долбоору өлкөдөгү эң негизги документтердин бири. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев долбоор каралар алдында өкмөт 15-16-декабрь күндөрү Бишкекте өтө турган Элдик курултайга даярданарын айтып, талкууну саат 13:00гө чейин эле өткөрүү сунушун берип, ал колдоо тапты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости