www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырды.
«Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, мыйзам долбоору боюнча экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө, жайгаштырып топтоштурууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Муну менен катар, оюн-зоок чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, кумар оюндарын уюштуруучулардын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун жана көзөмөлдөөнүн майнаптуулугун жогорулатуу, инвестицияларды тартууну турукташтыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мыйзам долбоорунун милдеттери болуп саналат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg