www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Пол Гозар Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийди Аризонага тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө чакырды. Тиешелүү кат Орусия менен Украинанын Вашингтондогу элчиликтерине жөнөтүлгөнүн ал Twitter баракчасына жарыялады.

Гозар өз кайрылуусунда штат жетекчилерин Аризона штатынын борбору болгон Феникс шаарына келүүгө чакырды. Анын пикиринде, мамлекеттин жайгашкан жери жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн жаңжалдан жана тирешүүнү улантууга чакыргандардан керектүү аралыкты камсыздайт. Конгрессмен Аризона штатында саясатчылар «ядролук абалдын оорчулугун жецилдетуу, согушту токтотуу жана сиздердин елкелерду каптаган олум менен кыйроолорду токтотуу учун диалогду баштай алышат» деп умуттенген.

«Мен дипломат эмесмин. Мен жөн гана Конгресстин мүчөсүмүн, бирок мен сиздин өлкөлөрүңүздө өлүмдү жана кыйроону жетиштүү көрдүм. Бул кабыл алынгыс. Мен тынчтык жолу менен жөнгө салуу аракеттеринин жоктугуна таарынычтан өз алдынча аракет кылуунун зарылдыгына өттүм», - деди ал.

Гозар БУУнун тынчтык орнотуу миссиясынын мандатына ээ экенин жана уюмдун колдоосуна ишенерин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости