www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык иштер боюнча Федерация Кеңешинин комитетинин төрагасы Константин Косачев АКШдагы нааразычылык акциясына «демократия эки бутунан аксап жатат» деп баалады.

Анын айтымында, Вашингтон башка өлкөлөргө айып таңуу укугунан айрылды.

«Демократиянын майрамы аяктады. Бул, тилекке каршы, мен муну эч кандай жаман оюм жок эле айтып жатам», - деген ал.

Косачев америкалыктардын нааразычылыгын билдирүүгө түрткү болгон АКШнын президенти Дональд Трампты «нарциссизм, эксцентриситет жана авантюризм» деп атаган.

Белгилей кетсек, 6-январда Трамптын демонстранттары Капитолийдин имаратын басып алышып, Сенат залын курчап алышкан. Президенттик шайлоодо демократ Джо Байден жеңип чыккан акыркы шайлоонун жыйынтыгын бекитүү пландаштырылган жыйынды Сенат жана Өкүлдөр палатасы үзгүлтүккө учуратты.

Трамп өзү тарапташтарын тынчтыкта ​​иш алып барууга жана полицияны колдоого чакырды. Бул арада АКШнын мурунку президенти Барак Обама Трампты зомбулукка үндөдү деп айыптады.

Акыркы маалыматтарга караганда, нааразычылык акциясында төрт адам каза болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости