www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы Конституциянын долбоорунда референдумдан кийин жөнгө салынуучу жоболор камтылган.
Ага ылайык, президент учурдагы Баш мыйзамда көрсөтүлгөн алты жылдык мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт. Белгилей кетсек, сунушталган Конституцияда мамлекет башчы беш жылдык мөөнөт менен эки жолу шайланат.
Өткөөл жоболордун тизмеси:
2021-жылы шайланган президент алты жыл иштейт, бул анын бир мөөнөтү катары эсептелет;
Жаңы Конституция күчүнө киргенден кийин өкмөт отставкага кетет. Президент Министрлер кабинетинин курамын убактылуу түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт;
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы Баш мыйзамга ылайык өткөрүлөт;
Бардык деңгээлдеги кызмат адамдары дайындалганга жана шайланганга чейин мамлекеттик органдарда иштеп жаткандар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууну улантат;
Конституция күчүнө киргенге чейин мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат;
Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмү (пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардамдар менен камсыздоо) 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Конституциялык палатанын судьяларынын кызмат орду Конституциялык сот түзүлгөнгө чейин сакталат;
Жогорку соттун жана жергиликтүү соттун судьялары ыйгарым укуктарын белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт.
Жогорку соттун судьялары ыйгарым укуктарын белгиленген мөөнөтү бүткөнгө чейин иштейт.
Булак: NazarNews.kg