www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов билдирди. Ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн билдирди.

Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.

Карыбек Дүйшекеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган, Конституциялык палата тогуз судьядан турат. Ал соңку чечими тууралуу коментарий бере элек.

Нургүл Бакирова президентке кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу 31-январда арыз жолдогон.

Ал бул кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.

Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан.

Жогорку соттун судьясы катары Бакирова коомчулуктун калың катмарына эки жыл мурдагы октябрь окуяларынан кийин тааныла баштаган. Анда 2020-жылдын 6-октябрында абактан тарапкерлери бошотуп чыккан Садыр Жапаровдун "адамды барымтага алуу" беренеси боюнча мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти сотко чейинки өндүрүшкө Башкы прокуратурага жөнөткөн.

Жогорку сотко төрайымы болуп шайланганын ушул чечими менен байланыштыргандар болгон, бирок аны Бакирова четке кагып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости