www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-декабрда “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунуштамасы каралып чыкты. Бул тууралуу Конституциялык соттон билдиришти.

Ага ылайык, Конституциялык сот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук мааниде мүмкүн эмес деген тыянакка келди.

Демек, “Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып токтотулууга жатат.

Белгилей кетсек, долбоордо балдарды зордуктоо, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон адам өлтүрүү үчүн өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Конституциялык сот Конституция менен жүктөлгөн өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн конституциялык түзүлүштүн негиздерине, анын түпкүрүндө турган адамдын укуктары менен эркиндиктерине жана мамлекеттин демократиялык мүнөзүнө тийгизген таасирин Баш мыйзамга бүтүн система катары шайкештигин баалап чыкты. Ошондой эле Кыргызстан ратификациялаган эл аралык келишимдерден келип чыккан милдеттенмелерге дал келишине өзгөчө көңүл бурду.

Конституциялык сот Конституция адам укуктарын эң жогорку баалуулук катары бекемдеп, аларды камсыздоонун кепилдиктер системасы конституциялык түзүлүштүн пайдубалын түзөөрүн, Баш мыйзамга жол берилген өзгөртүүлөрдүн чектерин алдын ала аныктай турганын белгиледи.

"Конституциялык сот өлүм жазасына тыюу салуу жана жашоого болгон укуктун артыкчылыктуу маанисин таануу ченемдик гана эмес, ошондой эле фундаменталдык баалуулук өлчөмүнө ээ деп эсептейт. Алар мамлекеттин жана элдин бул жаза чарасын колдонууну жокко чыгарган укуктук режимди тандоосун чагылдырат. Жашоого болгон укук жана өлүм жазасына тыюу салуу кылмыш-жаза саясатынын, сот адилеттигинин мазмунунун, укук коргоо органдарынын жана пенитенциардык системанын ишинин стандарттарын белгилеген система түзүүчү принциптер болуп кызмат кылат.

Конституциялык түзөтүү аркылуу өлүм жазасын калыбына келтирүү бул стандарттардан баш тартууну, укуктук өнүгүүнүн ырааттуулугун үзгүлтүккө учуроосун, инсандын кадыр-баркынын артыкчылыгына жана анын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин бекемдөөгө багытталган конституциялык вектордон четтөөнү билдирет.

Конституциялык сот ошондой эле каралып жаткан маселенин эл аралык-укуктук өлчөмүн да белгиледи. Кыргызстандын Конституциясы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат деп белгилөө менен, улуттук деңгээлде чечимдерди кабыл алууда тиешелүү эл аралык милдеттенмелерди сактоо зарылдыгын болжолдойт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстан катышуучусу болуп саналган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу өлүм жазасын толук жана биротоло жоюуну максат кылат жана денонсациялоо механизми каралган эмес. Бул протоколго кошулуу менен мамлекет өлүм жазасын кайра киргизбөө жана эч кандай шартта ага кайрылбоо боюнча мөөнөтсүз милдеттенме алды дегенди билдирет.

Мындай шарттарда ички укукка өлүм жазасын киргизүү Кыргызстан өзүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузган мамлекеттин абалына алып келет, бул конституциялык жактан бекитилген эл аралык укукту таануу жана эл аралык келишимдерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принцибине туура келбейт.

Эми Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор токтотулууга жатат.

Эске салсак, Конституциялык сотко "Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбооруна корутунду берүү тууралуу президенттин сунуштамасы декабрь айынын башында келип түшкөн.

Анда Баш мыйзамга балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштар, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Тиркелген материалдарда көрсөтүлгөндөй, бул демилге балдарга жана аялдарга каршы өзгөчө оор кылмыштардын санынын өсүшү менен шартталган жана алардын конституциялык-укуктук жактан корголушун күчөтүүгө багытталган.

Өлүм жазасын киргизүү сунушу киши колдуу болуп мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм кыз Айсулуунун каргашалуу окуясынан кийин берилген. Президент Садыр Жапаров ишти жеке көзөмөлүнө алып, балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берген болчу.

Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү керектиги белгиленген.

Последние новости