www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул иш боюнча соттук отурум Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук райондук сотунда 7-декабрга белгиленди. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши быйыл 26-июлда токтотулган. Анда судья Тажибаева Жамгырчиевдин жактоочусунун “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 28-беренесинин 2-бөлүмү боюнча Конституциялык сотко кайрылуу өтүнүчүн канааттандырган. Бул беренеде депутатты Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугун алуу тартиби каралган.

2020-жылдын 20-октябрында ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясынын) жетекчисинин мурдагы орун басары Эмил Жамгырчиев жана өкмөттүк аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратов пара алууга айыпталып кармалганын кабарлаган.

Мурдараак анын аты аталган мекеменин Чүй облусундагы башкармалыгында Кытайдан 2018-жылы ташылып келе жаткан контрабандалык өрдөк этине байланыштуу козголгон кылмыш иши жана 50 миң долларлык пара боюнча окуяда аталган.

50 миң долларлык пара тууралуу айыптоолорду Жамгырчиев адегенде "ыплас ушак" деп атаган, кийин мамлекетке 20 миллион сом төлөп, үй камагына чыккан. Өзгөчө көп өлчөмдө пара алууга шек саналып Жамгырчиев менен кошо кармалган Калмуратов дагы үй камагына чыгарылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости