www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Контрабанданын уюгу Лейлектен көрүнөбү?

Лейлек району үч мамлекет тутумдашкан, көптөгөн улуттар кылымдардан бери аралаш орун-очок алышып, Ворух,Сох сыяктуу анклавдар жайгашкан жер. Кыргызстан Бажы Биримдигинин же ЕАЭБнин (ЕАЭСтин) мүчөсү, Шавкат Мирзияев Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турганын билдирди. Тажикстан да ЕАЭБде жок. Арийне, бул мамлекеттердин айыл чарба азык-түлүктөрү коррупциялык жол менен ЕАЭБдин мүчөсү Кыргызстанга жамынып, ЕАЭБдин башка мүчөлөрү Орусия, Казакстанга дүңүнөн коррупциялык жол менен өтүп жатканы өткөн жылы маалым болду. Муну менен катар Орусия, Казакстандан Кыргызстанга келчү арзан мунайзаттар кыргыздын салып койгон асфальт жолдорун талкалап, контрабандалык жол менен Лейлек аркылуу Тажикстанга өтүп жатканы да жалган эмес.

Орусия, Казакстандын мунайзаты Тажикстанга неге өтөт?

Орусия мунайзаттын запасы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Орусияда дүйнөлүк мунайзаттын 10 пайызы, ОПЕКтен тышкары 27 пайыз топтолгон. Мунайзатты иштеп чыгаруу боюнча Орусия дүйнөлүк лидер Сауд Аравиясы менен теңме-тең болуп, ал эми чет мамлекеттерге чыгаруу боюнча экинчи орунда келатат. Албетте, газ алуу боюнча Орусия дүйнөдө абсолюттук лидер, Орусиянын үлүшүнө дүйнөдөгү газдын үчтөн бири, дүйнөлүк экспорттун 30 пайызы туура келет. Мунайзат жана газды сыртка чыгаруудан түшкөн акча мамлекеттик казынанын үчтөн бир кирешесин түзөт. Орусия мунайзат жана газ аркылуу өзүнүн экономикалык жана саясий позициясын болушунча бекемдеп, мунайзат, газды тышка чыгаруу боюнча кошуна мамлекеттердин экономикасын тушап алган. Москванын тышкы саясатынын өзгөчөлүүлүгү экономиканы же мунайзат, газды күчтүү инструмент катары пайдаланып, эл аралык аренада саясий максаттарына жетип келатат. Орусиянын Батыш же Европа өлкөлөрүнө болгон мамилеси, ошондой эле Чыгыш же Кытай, Японияга болгон мамилелери ушунун негизинде түзүлгөн. Барынан да Орусиянын “энергетикалык стратегиясы” мурунку СССР, азыркы КМШ мамлекеттерине тушамыш салганы чындык. Ушундан улам Борбордук Азиянын мамлекеттеринин геосаясий улуттук, экономикалык жана энергетикалык кызыкчылыгы Кремлдин энергетикалык саясатына көз каранды.

Орусиянын энергетикалык геостратегиясы үч багытта өнүгүп жатат:

  1. Европалык, негизги акча булактары түшө турган булак,ошондуктан ЕвроБиримдик Москва менен тыгыз байланышта болууга кызыкдар. ЕвроБиримдик аркылуу Орусиянын эл аралык таасири күчөп баратат.
  2. Борбор Азияда энергетикалык ресурстардын булактары бар, СССРден калган көнүмүш адаттар боюнча бул жердеги мамлекеттер Орусияга көз каранды абалда келатышкан.Бирок, акыркы жылдары бул жакка АКШ, Кытай сыяктуу башка мамлекеттер ашык боло баштаган соң “Газпром” жеңин түрүнүп шымааланып киришкен.
  3. Ыраакы Чыгыш же Азиялык багыт, Орусиянын геостратегиясында жаңы вектор болуп эсептелинет. Азырынча бул тарап географиялык, каржы-экономикалык, технологиялык жана саясий жактан аксап турат, бирок бул тараптын келечекте жайыты кенен. Бул тарап Борбор Азия менен бекем байланышта болоору эмитен белгилүү боло баштады. Учурда Орусиялык компаниялар бул тарапка кызыгышып, алкымын кенен иштетишип, шилекейин агызып турушат.

Илмияновдун Лейлектеги ишмердүүлүгү

Борбор Азияда Казакстан,Өзбекстан,Түркмөнстан газ, мунайзатка бай мамлекеттер. Суу энергетикасына өтө бай Кыргызстан, Тажикстан газ, мунайзат алууда башка мамлекеттерге көз каранды. Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү, ошондуктан Бажы Биримдигинде жеңилдиктерди пайдаланышып, товарларды, анын ичинде мунайзатты арзан баада алат. Атамбаевдин президенттик убагында айдоочусу Икрамжан Илмиянов мамлекеттик рулду башкарып турганда Тажикстан менен чектеш аймактарда, айрыкча Лейлек, Баткен райондоруна өзүнүн ишенимдүү адамдарын коюп келген. Илмиянов ишенген акимдери мунайзатты ЕАЭБ мамлекетеринен арзан баада сатып алышып, ЕАЭБде жок Тажикстан сыяктуу мамлекеттерге контрабандалык жол менен кымбат баада сатып келишкен. Кызыгы, Икрамжан Илмиянов кылмыш иштери менен көп жылга кесилип кетсе да, анын ишенимдүү адамдары Лейлек районун жетектеп турат. Эмне бүгүнкү бийликтин Илмияновдун көздөй адамдарына алы жетпейби? Илмияновдун ишенимдүү адамдары Лейлек районун жетектеп турганда контрабандалык жол менен Тажикстанга өтүп жаткан мунайзат токтоду деп айтыш эртелик кылат.

Лейлекте контрабандалык кылбай жер коргогон азаматтар көп

Сапарали Адинаев Лейлек районунун Максат айылынын башчысы. 20 жылдан ашуун жылдан бери тажиктер менен жер талашып 1 метр дагы артка чегинбей келет. Жергиликтүү элдин айтымында Сапарали ава тажиктер уламдан-улам жылып келе бергендиктен Максат айылын түптөп, ошо жерге 150 түтүн үй-бүлөнү жайгаштырган экен. Үйлөрдү чек арага жакын жайгаштырганынын себеби "бир карыш дагы жер берилбейт. Бүгүн биз ушу жерлерге үй салып алсак, тажиктер кире албай калат" деген ойдо жакшы иш жасаган. Бул киши өлкөбүз бүтүндүгү үчүн эч ким жасай элек эрдиктерди жасады. Тажик солдаттары менен өзү жалгыз алышкан видеосу буга далил. 1 метр жер үчүн кашык канын аябаган мындай инсандар эң жогорку даражадагы сыйлыктарга татыктуу. Тилекке каршы азырынча мындай эр жүрөк азаматтарыбыз аз. Эң жогорку наамдарды куйтуларга эмес, ушундай эр жүрөк баатырларга берели. Бүгүн бул киши куугунтукталып жатат. Кызмат ордунда эмес митингде жүрөт деп бирөөлөр нааразы. Негизинен ошолорлун бут бардыгы биригип, Сапарали аванын тырмагына дагы тең келбейт.
 

Өзбекстан ЕАЭБге кирбейт

Кыргызстан ЕАЭБге кошулуу ниетин 2014-жылы билдирип, 2015-жылдын 12-августунда мүчө болуп кирген. Уюмда Кыргызстандан башка Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар. КМШ мамлекеттери Өзбекстан,Тажикстандын ЕАЭБге кирүүмүмкүнчүлүктөрү чоң. Бирок, Шавкат Мирзияев Өзбекстан ЕАЭБге кирбей турганын билдирди. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, Шавкат Мирзиеев Олий мажлиси жыйынында ЕАЭБ (ЕАЭС) тууралуу пикирин билдирген.

"Биздин көпчүлүк жарандарыбыз чет өлкөлөрдө, Казакстанда, Орусияда иштешет. Биз бул абалга кайдыгер боло албайбыз. Эч ким эч качан бирөөгө көз карандысыздыкты бербейт. Көз карандысыздык эл ишенген президенттин колунда. Биз аталган бирикменин мүчөсү боло албайбыз", - деп билдирген  өзбек президенти. Мындан тышкары, Өзбекстан ЕАЭБ (ЕАЭС)ге  көрүүчү катары бирикменин кандай кемчилиги жана артыкчылыгы бар экенин байкаарын,  Владимир Владимирович менен Санкт-Петербургда көп нерсеге  макулдашкандыгын,  өкмөттөгүлөр, кандай чечим кабыл алса дагы, улуттук кызыкчылыгын эске ала тургандыгын билдирген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости