www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду (2023-жылдын 14-июлунда № 137). Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

Маалым болгондой, мыйзам 2023-жылдын 7-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда жогорку аскердик окуу жайларды аяктаган адамдардын контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартуу, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын начальнигинин, мөөнөттүү аскер кызматы каралган тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин өтүнүч каты боюнча коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисине мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын белгиленген аскер кызматынын мөөнөтүнөн ашык, бирок эки айдан ашпаган убакытка чейин аскер кызматында калтырууга укук берилет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости