www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда акыркы жылдары “туруктуулук” деген сөз көп кайталанып жатканы менен, коомдун маанайы анчалык деле тынч эмес. Өлкөдө экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатат дегени кооз ураандар, баардык жарандардын жашоосуна оң таасир тийгизгени баарына бирдей байкалган жок.
Ырас, экономикада өсүү бар экени анык!
Бирок кымбатчылык, инфляция элди кыйнап койгону социалдык тармакта байма-бай талкууга түштү. Азык-түлүктүн баасы, кызмат көрсөтүүлөр жана транспорт тарифтери өсүп, көпчүлүк үй-бүлөлөрдүн бюджети күнүмдүк тиричиликтен артпай, коомдо нараазчылык күчөп бара жаткандай. Мындай шартта айлык жана пенсиялардын өсүшү көп учурда баалардын өсүшүн кууп жете албай, эл жуурканын башына тартса буту ачылып, бутун жапса башы ачылган жашоодо турмуш кечирүүдө.
Калыстыкты, акыйкаттыкты айткандарды оозуктаган көрүнүштөн улам, коом ичтен бышып, буулугуп жатканын байкоого болот. Натыйжада, көңүл чөгүү, ызалуу, ачулуу коомдук стресс өөрчүп жатат.
Кымбатчылык, саясий эркиндиктин чектелиши жана келечекке болгон ишенимдин түшүшү, чындыгында коомду депрессияга батырып, тынчсызданууну күчөттү.
Эгер өнүгүү, өзгөрүү жүрүп жатса, анда экономикалык өсүш гана эмес, адамдын укугу жана турмушунун сапаты да приоритетке коюлушу керек. Ансыз, алтын аяктан суу ичсең дагы, адамдын көңүлү толбойт. Дүйнөдө адам эркиндигинен өткөн кундуулук жок.
А учурда бийликке кошоматчылык кылып жагынгандардын саны көп болгону менен келечекта аларга ишеним жок. Аткаминерлерди алдаганга жана азгырганга жөндөмдүү болушат, эл үчүн эмес - жеке кызыкчылык жогору турат. Кошоматчылар ыңгайына жараша сатып кете берет.
Албетте, Бийлик баары убактылуу болгондуктан чындыкка тике карагандар менен дос болсо жаңылбайт. Анткени мүдүрүлбөйт жана келечекте эч кимге тизилебейт.