www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта ички иштер министрлигинин ишине ичи чыкпагандар арбып баратат. Элдин милицияга карата ишеними кыйла төмөндөп кетти. 

Көч башы кайда барса, аягы ошол жакка барат демекчи, көрсө баары жетекчинин дареметине жараша болот тура. Дегенибиз, ИИМди Улан Ниязбеков тарта албай жатканы көптөн бери эле айтылып келе жатат. Бирок, кадр баарын чечет дегенге президент анчейин көңүл бурбай жаткандыктанбы, же Ниязбеков кудасы болуп калгандан уламбы, министр мына иштен алынат болуп эле, бирок эт эмес, же чел эмес болгон арабөк абал уланууда... Министрди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына кеткени калды дешти эле, андан деле дайын жок. 

Азыр, УКМК ИИМдин милдетин кошо аткарып жатат. Коррупция менен да, экстремисттик күчтөр менен да, бандиттер менен да күрөшкөн УКМК болууда. ИИМдин эмне кылып жатканы белгисиз... Коомчулук ИИМди УКМКнын бир бөлүмү катары карай баштады. Жетекчи алсыз болсо ушул экен да...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости