www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматы коомдук тамактануу тармагында фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) киргизүү боюнча пилоттук долбоор оң жыйынтыктарды берип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын январь–май айларында долбоордун катышуучуларынан бюджетке 1 млрд 536,7 млн сом салык түшкөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 615,5 млн сомго же 60 пайызга көп.

Ошондой эле орточо айлык салыктык түшүүлөр 184,2 млн сомдон 307,3 млн сомго чейин көбөйгөн. Өсүү темпи 166,8 пайызды түзгөн.

Салык кызматы мындай өсүш ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгынын жогорулашы, акчалай эсептешүүлөрдүн толук катталышы жана көмүскө жүгүртүүнүн азайышы менен байланыштуу экенин белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, ФПКны колдонуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, бизнес үчүн тең атаандаштык шарттарын түзүүгө жана салыктык тартипти бекемдөөгө жардам берүүдө.

Последние новости