www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте студенттерге коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдик берүү максатталууда. Тийиштүү ченемдик-укуктук акт мэрия тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.

Белгилүү болгондой, учурда "Тулпар" карталарындагы жеңилдетүүлөрдү окуучулар жана пенсионерлер гана колдоно алат.

"Учурда коомдук транспортто жүрүү үчүн стандарттуу күндүк, жумалык жана жылдык жол жүрүү карталары, ошондой эле студенттик карталар жок. Ошондуктан жумушчу топ тарабынан аларды киргизүү каралууда", — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле мэриянын дарегине күч структураларынын пенсионерлерине коомдук транспортто жүрүүдө жеңилдиктерди берүү боюнча кайрылуулар келип түшкөнү белгиленди. Бул категориядагы адамдар үчүн жол кирени арзандатуу же акысыз кылуу боюнча маселе жумушчу топ тарабынан карала турганы кошумчаланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости