www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коомдук транспортто жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөргө билет берилет. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, бул жөнүндө мэриядан айтышты. Мэрия 1 миллион билет даярдап койду: «Ар бири номерленген, андыктан жүргүнчү бир билетти эки жолу колдоно албайт. Айдоочу жол кирени накталай төлөгөндөргө билет бериши керек».
Коомдук транспортко «сасык» деп түшкүсү келбеген Жолдошбаев сыяктуулар бар. Эскерте кетсек, Бишкек шаардык кеңеши жол кире тарифин жогорулатуу чечимин кабыл алган. Накталай эмес төлөм менен жол кире 17 сом, накталай төлөөдө 20 сом болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg