www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түнкүсүн тез-тез ойгонуу бир катар органдардын, анын ичинде калкан безинин, дем алуу жолдорунун, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасынын аномалиялары менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай пикирди россиялык сомнолог-адис Елена Царева NEWS.ru порталына берген маегинде айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, уйку көйгөйү тынчсыздануу, депрессия бар экендигин, ал тургай апноэ — уктап жатканда дем алуу 20-30 секундага токтой турганын көрсөтөт.
--"Түнкү уйку учурундагы көйгөйлөр адамдын жаш курагына байланыштуу болушу да мүмкүн экендигин белгилеп кетким келет. Чындыгында улгайган адамдарда катуу уйкуну камсыз кылган мелатонин гормонун иштеп чыгуу азаят. Ушундан улам адам өтө аз уктай баштайт", — деди ал.
Адис белгилегендей, эгерде адам аптасына түнкүсүн үч иреттен көп ойгонсо, бул көрүнүш бир канча айдан бери созулганын байкаса, анда дарыгерге кайрылуу зарыл. Ошондой эле күн сайын коңурук тартсаңыз да сак болууңуз керек.
Булак: NazarNews.kg