www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гам-КОВИД-Вак вакцинасын колдонуудагы инструкциянын жаңы редакциясында «Спутник V» вакцинасын рак оорусу бар бейтаптар өтө этияттык менен алыш керектиги жазылган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды

Мындай алдын алуу препараттын онкологиялык ооруларга карата таасири боюнча маалыматтын жетишсиздиги менен түшүндүрүлгөн.

«Эмдөө боюнча маалыматтын жетишсиздиги аутоиммундук патологиясы барларды жана рак илдетине кабылгандарды тобокелчиликке салышы ыктымал», — деп жазылат инструкцияда.

Белгилей кетсек, Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Спутник V» вакцинасын 2020-жылдын август айында каттоого алган. Ал Россиянын Түз инвестициялар фондунун колдоосу менен Гамалея улуттук борборунун адистери тарабынан иштелип чыккан.

Коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасы дүйнөдө биринчи болуп эсептелет. Белгилей кетсек, Гам-КОВИД-Вак деген аталыштагы россиялык вакцина кийин «Спутник V» деп өзгөртүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости