www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Банядагы балдардын окуясын талкуулабай, мамлекеттеги адилетсиздикти талкуулабайсыңарбы?!», - дейт Равшан Жээнбеков. Бул тууралуу kerben.media «Кызыктар» блогуна шилтеме берип жазды.
Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнүн укугун коргогон «Лабрис» уюму мындай жаза мыйзамга каршы келээрин белгиледи:
«Кыргызстанда адамды өлүм жазасына тартуу мыйзамда жок. Бул катардагы эле кылмыш, зордуктоо катары жаза берилиши керек», - дейт аталган уюмдун юристи.
Саясатчы Равшан Жээнбеков дагы өзүнүн пикирин билдирди:
«Кыргызстанда мындан дагы оор кылмыштар болуп жатат. Эмнеге ага активдүү көз караштарды айтпайбыз? Бир баланын зордукталганы мамлекетке зыян деле алып келбейт. Канчалаган адилетсиздик, мамлекетти тоноолор болуп жатса элдер кайдыгер. Анан бир банядагы эки баланын өз каалоолорун ишке ашырып жатканын талкуулап жатабыз. Бул эмнеден кабар берет, коом дагы деле караңгы. Банядагы баланы талкуулабай, мамлекеттеги адилетсиздикти талкуулабайсыңарбы», - дейт Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg