www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бакылдаган серепчи, генерал Марат Иманкулов кызматсыз жүргөндө кыйла акыл үйрөтчү. Жогорку креслого жетүү үчүн умтулуп. Натыйжада, кыялы орундалган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Иманкулов учурда эмне кылып жүргөнү белгисиз.

Баткендеги чек ара чыр-чатактары боюнча билмексен, Казакстандагы коогалаңда тымпыйып, кооптуу кырдаал чыңалганда ийинге кирип кеткендей элес жаратат. Оппозиция опулдап, бийликке сес көрсөткөн учурларда кулагын жапырат.

Айтор, коомчулуктагы кыйчалыш, опурталдуу жагдайлар жарала калганда ой-пикирин айтып, оңдуу сүйлөп койгонго жарабайт экен. Жогорку кызматта эмне иш аткарып отурганын айта албайбыз. Бийликке күч бере албаса, күйбөсө, анда кетпейби?

Профессионал кадрларга жол бошотсо не? Дал ушундай “карьералык кызыл кулактар” артка тартып атканына баа берилиши шарт. Эркелетүүнүн да чегин билсек...

Булак: Азия News гезити

Последние новости