www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак каза болду

Көп кырдуу адис Жаныбек Жанызак 69 жашында узакка созулган оорудан кийин 17-декабрда каза болду.

Бул тууралуу социалдык тармакка анын кызы Айпери Жанызакова жазды.

Жаныбек Жанызак 90-жылдары жаңычыл, прогресске умтулган жазмакер, фотограф катары тааныла баштаган. Анын алгачкы китептери “Фото кыйынбы же оңойбу?”, “Фотографияны кантип үйрөнүш керек?” (котормо) деп аталат.

Эгемендиктин алгачкы жылдары сексуалдык тарбияга багытталган кыргыз тилиндеги алгачкы "Пайшамба" аттуу гезитин чыгарган. Кезинде басма сөз эркиндигинин карлыгачтары атыккан "Асаба", "Агым" гезиттеринде иштеп, коомчулукка тез жетип, көп окула турган темаларда жазган.

Акыркы жылдары жеке басмаканачылык, китеп басып чыгаруу менен алектенип келген. "Жанызак пресс" басмаканасынан миңдеген нуска менен чыккан китептер Кыргызстанда жана Орусиядагы мигранттар арасында сатылып келген.

"Мен өзү немец тили боюнча мугалими. Бирок мен немец мугалими болуп эле чектелип калган жокмун да. Мен компьютерщикмин, мен фотошабащникмин, гезит чыгаргыч, көп тармак. Мен ар балээмин" деген "Азаттыкка" берген интервьюларынын биринде.

Акыркы күндөрү Жаныбек Жанызак залалдуу шишик менен ооруп жаткан эле. Ал 1951-жылы 15-ноябрда төрөлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости