www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Германияда 27-декабрдан тартып коронавируска каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу «N-TV» телеканалы маалымдады.
Белгилей кетсек, буга чейин Германиянын Саламаттыкты сактоо министри Йенс Шпан «BioNTech» компаниясынын вакцинасы жактырылышы керектигин, андан кийин гана эмдөө башталарын айткан.
Ошондой эле ал эмдөөнү карылар үйүнөн баштай турганын кошумчалаган.
Европанын дары-дармек боюнча агенттиги «BioNTech» менен «Pfizer» компанияларынын вакцинасын колдонууга 21-декбрда уруксат берери күтүлүүдө.
Буга чейин Германия канцлери Ангела Меркель эгер элди эмдөө эффективдүү болсо, 2021-жылдын күз мезгилине чейин Германия кадимки жашоого кайта аларын айткан.
Эске салсак, 16-декабрдан Германияда коронавируска байланыштуу абал оорлошкондугунан улам катуу чектөөлөр киргизилди. Коомдук тамактануучу жана эс алуучу оюн-зоок жайлар, маданий мекемелер ишин токтотуп, мектептер, бала бакчалар онлайн режимге өткөрүлдү. Локдаун 10-январга чейин уланат.
Булак: NazarNews.kg