www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул долбоор 2023-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылары айтылды. Бул аралыкта санариптик техника орнотулат.
Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) Жогорку Кеңештин IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн гранттык негизде 8 миллион доллар өлчөмүндө техникалык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган каражат ЖКнын жыйындар залын техникалык жактан камсыз кылуу, орнотулган техниканы системалаштыруу, программалоо жана IT-техникалык жабдыктарды иштетүү үчүн адистерди даярдоого жумшалат. Бул долбоор 2023-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылары айтылды.
ЖКнын аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолуккан.
Ал корея тарапка ыраазычылык билдирип, аталган долбоор Жогорку Кеңеш менен карапайым калктын ортосундагы байланышты жакшыртып, парламенттин демократиялык багытта өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөрүн кошумчалады. Муну менен катар депутаттардын заманбап техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен онлайн добуш берүүсүн камсыздоо зарылчылыгын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg