www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Корея Кыргызстанга климаттык өзгөрүүлөрдү жана жаратылыш кырсыктарын алдын алуу багытында 5 миллион доллар грант берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

ТИМ башчысынын орун басары Динара Кемелова Кореянын Климат жана айлана-чөйрө боюнча эл аралык комитетинин президентти Вон Тэ Юн менен жолугушкан.

Анын алкагында тараптар KOICA линиясы аркылуу бериле турган "Кыргызстанда климаттык кризиске чара көрүү жана потенциалын башкаруу системасын түзүү" долбоорун талкуулашкан.

Корея тараптын маалыматына ылайык, долбоор ишке ашкандан кийин метеорологиялык жана экологиялык анализ үчүн алгачкы маалыматтарды алуу, климаттык чөйрөнү баалоо ыкмаларын аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Анын арты менен климаттын өзгөрүү нугун басаңдатууга, табигый кырсыктар менен күрөшүү саясатын аныктоого жол ачылат. Ошондой эле Борбор Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча байланыш тармагын түзүүгө, адистерди даярдоого, климаттын өзгөрүшүнө чара көрүү саясатын иштеп чыгууга жана баалоого негиз болуп берет.

Ал эми Кемелова бул долбоорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирген. Ошону менен бирге Бишкектеги абанын булганышы боюнча да маселе көтөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости