www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Ги жетектеген депутаттардын расмий делегациясы менен жолугушуу болуп өттү.

Музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова конокторду тосуп алып, мекеменин ишмердүүлүгү, эл аралык кызматташтык багыттары жана акыркы жетишкендиктери тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушуунун жүрүшүндө кореялык өнөктөштөр менен биргеликте ишке ашырылган санариптик долбоорлордун жыйынтыктары жана Ханбит маданий институту менен биргеликте жарык көргөн музей коллекцияларына арналган уникалдуу китеп-альбом тааныштырылды.

Делегация мүчөлөрү заманбап мультимедиялык технологиялар аркылуу сунушталган музей экспонаттарынын тарыхына өзгөчө кызыгуу менен күбө болушту. Мындан тышкары, археологиялык жана этнографиялык баалуу буюмдарды камтыган музейдин атайын чыгарылган китеби делегация башчысына белек катары тапшырылды.

Иш сапардын алкагында коноктор үчүн Кыргызстандын “Байыркы алтындары” залы жана көчмөн кыргыз элинин байыркы турмушу тууралуу экскурсия уюштурулду.

Жолугушуунун соңунда Ким Сок Ги мырза жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы маданий кызматташтык мындан ары да өнүгөрүнө ишенимин билдирди.

Последние новости