www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Коргоо министрлигинде коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетовдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коллегиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Куралдуу Күчтөрдүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, алдыдагы мезгилге карата артыкчылыктуу багыттар аныкталды. Ага Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын жетекчилиги, Куралдуу Күчтөрдүн түзүмдөрүнүн кол башчылары, ошондой эле Президенттин администрациясы менен Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

Коллегиянын жүрүшүндө күжүрмөн жана мобилизациялык даярдык, аскердик тартип, өздүк курамдын моралдык-психологиялык абалы, материалдык-техникалык камсыздоо жана аскердик билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү талкууланды.

Ошондой эле биринчи жарым жылдыкта аткарылган иштерге талдоо жүргүзүлүп, көйгөйлөрдү чечүү боюнча тиешелүү чаралар белгиленди.
Мындан тышкары, Коргоо министрлигинин ведомстволук медалын негиздөө жана Куралдуу Күчтөрдүн эмблемасы менен символикасын иштеп чыгуу боюнча сунуштар каралды.

Жыйындын соңунда тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалар берилди. Коргоо министри Руслан Мукамбетов кабыл алынган чечимдер өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, аскерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатууга жана аскердик коопсуздукту камсыздоого багытталганын белгиледи.

Последние новости