www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугушууда чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн кыргыз-тажик чек арасына Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу контингентин жайгаштырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

«Өзүңүздөр билесиздер, мен жакында ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась менен жолугуштум. Кыргыз менен тажиктин ортосунда тынчтык болбойт дедим. Кыргыздын өз чындыгы бар, тажиктин өз чындыгы бар. Ортобузга арбитр келмейинче тынчтык болбойт. Мисалы, биздин талаштуу аймактарга ЖККУнун чакан контингентин жайгаштыруу, ал бир нече маселелерди чече алат: ок атышпоону көзөмөлдөө жана мамлекеттик чек арадан оор техникаларды алып чыгуу. Ошондо чек араларды демаркациялоо боюнча саясий милдетти чечсе болот. Мындай абал 30 эмес, 98 жылдан бери уланууда», - деди ал.

Коргоо министри, анын пикиринде, кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча келишимдин айланасында кырдаалды курчутууга аракет кылып жаткандарды сынга алды.

«Бүгүнкү күндө мамлекет жетекчилиги коңшулар менен мамилени жакшыртууга аракет кылууда. Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселеси жакшы чечилген. Биз андан гана пайда алабыз. Анан биздин коомдо баш аламандык башталат. Бизге азыр Өзбекстан менен чек арада дестабилдештирүүнүн таптакыр кереги жок», - деди министр.

Эске салсак, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Натыйжада Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. Атышуудан 206 адам жабыркап, 63 адам каза болуп, Баткен облусунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости