www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын башчысы, полковник Рустам Ормокоев Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин башчысы Асель Ази Тегин жана уюмдун Борбор Азиядагы куралдуу күчтөр менен иштөө боюнча аймактык делегаты Зарван Раньеро Овсия менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гуманитардык ишмердүүлүк жаатындагы эки тараптуу аскердик кызматташтыктын учурдагы абалын жана аны мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты.
Полковник Рустам Ормокоев Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтуна көрсөткөн колдоосу аскердик кадрларды даярдоо ишине олуттуу салым кошуп жатканын белгилеп, кызматташтыкты жогору бааларын билдирди.
Тараптар мындан ары да гуманитардык укук, аскердик билим берүү жана өз ара кызматташтыкты бекемдөө багытында биргелешкен иштерди улантууга кызыкдар экенин билдиришти.