www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор жүргүзүлдү.

Тердикбаев Эрлис Джекшенович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.  

Мукамбетов Руслан Мустафаевич Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын начальниги – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ибраев Акылбек Омукеевич коргоо министринин орун басары кызматынан бошотулду.

Карасартов Алмазбек Оганович коргоо министринин орун басары кызматына – Куралдуу Күчтөрдүн Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын командачысы болуп дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости