www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-августта Коргоо министрлигинин аскер бөлүгүндө адам өлүмү менен аяктаган окуя катталды. Бул тууралуу 15-августта министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя согуштук даярдык боюнча сабак өтүп жаткан учурда болгон. Аскер кызматкери куралды этиятсыз колдонгонуп, келишим боюнча кызмат өтөп жаткан старшина Б.Б.Т.ны атып алган.
Жабырлануучуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок жолдо абалы начарлап, каза болгон.
Учурда Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады.