www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагында Нипах вирусун жуктуруу учурлары катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын туруктуу көзөмөлүндө турат.

Инфекциянын өлкөгө киришинин алдын алуу максатында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасында санитардык-карантиндик көзөмөл чаралары күчөтүлдү.

"Санитардык-карантиндик пункттардын кызматкерлери келген адамдардын ден соолугунун абалын көзөмөлдөп, транспорт каражаттарына санитардык көзөмөл жүргүзүп, колдонуудагы нормативдик талаптарга ылайык алдын алуу иш-чараларын аткарышууда", - деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн медициналык уюмдары ооруну эрте аныктоо, бейтаптарды обочолонтуу жана эпидемияга каршы чараларды уюштуруу маселелери боюнча нускама алышты.

Саламаттык сактоо министрлиги дүрбөлөңгө негиз жок экенин белгилейт. Өлкөнүн саламаттык сактоо системасы мүмкүн болгон эпидемиологиялык коркунучтарга ыкчам жооп берүүгө даяр.

Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык маалымат алмашуу жана алдын алуу чараларын координациялоо боюнча туруктуу байланышта.

Последние новости