www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы 7-апрелде бийлик алмашат. Убактылуу өкмөт түзүлүп төрайымына Роза Отунбаеваны шайлашат. Анын биринчи орунбасары болуп Атамбаев шайланат. Арийне, бийликти жалгыз колго топтойм деп жүргөн Атамбаев үчүн Отунбаеваны алдыга өткөзүп жиберүү чоң көйгөй болгон. Ошондуктан, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүн бул маселени кайра карап чыгууга далалат кылган. Убактылуу Өкмөттүн башына келүүнү самаган.  Атамбаевдин канча кылган аракетине карабай Бекназаров, Текебаев, Шер сыяктуу Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнө  Атамбаевдин лидер болуп кетиши жаккан эмес. Атамбаев муну кек кылып ичине сактап калган. Президент болуп келген соң булардын барын чилдей таратып, куугунтуктап, камоочусун камап, жаман сөз айтчусуна жаман сөзүн айтты. Эң башкысы өзү отурган бутакты өзү аралап, өзүнүн командасын өзү тебелеп тепседи. Кошоматчылардан түзүлгөн бийлиги ирип-чирип бүткөн экен, бир бороондук алы жок, бир үйлөгөндө эле ызы-чуу болду.

Атамбаев президент болгон соң Отунбаева унчуккан жок, 2016-жылы 31-августта Атамбаев өзүн бийликке алып келгендерди бүт мазактады, Отунбаева ага теңелбейин деп кетип калган. Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы акыркы окуялар боюнча оюн билдирди. Ал Атамбаевдин акыркы сөздөрүн жана Кой-Таш айылында болуп жаткан окуяларды катуу сындады. Отунбаева  Атамбаев өлкөнү аймактарга бөлгүсү келгендигин кошумчалады.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости