www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жүрөк оорусуна алып келет

Коронавируста кан уюп, оору жүрөктүн кан тамырларында тромбду пайда кылат. Бул тууралуу Россиядагы согуштун ардагерлери госпиталынын кардиология бөлүмүнүн башчысы Сергей Ивановдун сөзүнө таянып, РИА Новости жазды. 

Дарыгердин айтымында, коронавирус жүрөккө өтүп, аталган органдын булчуңдарын жабыркатат. Жыйынтыгында андан ооруп айыккандарда миокардит (жүрөк булчуңдарынын оорусу) пайда болушу ыктымал.

"Коронавирус катуу кармаганда канда тромбдор пайда болуп, көбүнчө экинчи типтеги миокард инфаркты өрчүп кетет. Бул оорунун кесепеттеринин бири", — деди Иванов.

Адис COVID-19 менен ооруган айрым бейтаптарда бир нече ай өткөндөн кийин алсыздык жана тахикардия (жүрөк оорусу) байкалганын да кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости