www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Атамбаевдин жактоочуларына жооп берди

Жогорку соттун басма сөз кызматы Алмазбек Атамбаевдин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси боюнча маалымат берди.

Буга чейин Атамбаевдин жактоочулары мурдагы президент кечээтен бери №47 түзөтүү абагында мыйзамсыз кармалып турганын билдиришкен. Себеби 30-ноябрда Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата буга чейин чыгарылган өкүмдү жокко чыгарган. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлгөн.

«Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна токтом жөнөтүп, камактан бошотуу үчүн ал жактан ЖАМКга берилиши керек», - деп түшүндүргөн жактоочу.

Ал эми ЖАМКтын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда Атамбаевди бошотуу тууралуу токтом жөнөтүлө элек.

Жогорку соттун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, мурдагы президенттин бөгөт коюу чарасын өзгөртүү маселеси Атамбаевдин жактоочулары өтүнүч менен кайрылган учурда Биринчи май райондук сотунда каралышы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости