www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1-декабрга карата дагы 53 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. Оооруну жуктуруп алгандар көбүнчө Бишкек шаарында. Ош шаары, Талас, Нарын облустары жана Ош шаарында инфекция жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 18
  • Чүй облусу – 10
  • Ош облусу – 3
  • Ысык-Көл облусу – 7
  • Жалал-Абад облусу – 7
  • Баткен облусу - 8

Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 404 адам болду, 2 749 киши көз жумду. Вирустан жалпы 178 миңден ашуун бейтап сакайып чыкты.

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10,5 миңден ашуун адам өттү, анын теңинен көбү биринчи дозаны, калганы экинчи дозаны алган. Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. ашык киши эмделди.

Инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммына байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Жаңы штамм катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Мамлекеттик органдарга COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Бишкек бул жаатта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен да чукул консультация өткөрдү.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости