www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен ооруп айыккан адам тамактануу рационуна курамында белогу көп азыктарды кошушу керек. Бул тууралуу РИА Новостиге терапевт, инфекционист Фаллахи Нуржахан билдирген.

"Толук кандуу тамактаныш керек. Башкача айтканда, суткасына 5-6 жолу тамак жеген оң. Анын ичинде сөзсүз тоок, үндүк, уй эти, быштак, жумуртка болушу шарт. Деңиз балыгы, жаңгактын түрү пайдалуу майга бай келет. Мындан сырткары, прибиотик болуп эсептелген кычкыл-сүт азыктары, ачытылган капуста дагы пайдалуу", — деди дарыгер.

Медик суу ичүү режимин да жөнгө салуу керектигин эскертип, суткасына 1,5-2 литр ичсе боло турганын белгилеген.

Лаборант-изилдөөчү Варвара Рябкова коронавирус менен ооругандан кийин бир сыйра дарыгерге көрүнүп коюуну сунуштаган. Өзгөчө кан басымды, өпкөнү текшертип, кан, заарага анализ тапшырып коюу ашыкча болбой турганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости