www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун татаалдашынан дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиондон ашуун адам каза болду. Бул тууралуу Worldometers маалыматына таянып билдирди.
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө коронавирус диагнозу коюлган 1 миллион 501 миң 535 адам көз жумган. Мындан тышкары, пандемия башталгандан бери аныкталган коронавирустун учурлары 65 миллионго жакындап калды. Учурда бул көрсөткүч 64 миллион 948 миң 823.
Кошмо Штаттар COVID-19 менен байланышкан жугуштуу оорулардын жана өлүмдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Өлкөдө 14 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. 279 миңден ашуун адам каза болгон. 8,4 миллиондон ашык бейтап айыгып кетти.
Индия коронавирус оорусу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөдө 9,5 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. 138,6 миңден ашуун бейтап көз жумган. 9 миллионго жакын бейтап айыгып кетти.
Бразилия коронавирус инфекциясы боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат. Өлкөдө 6,4 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. 174000ден ашуун бейтап көз жумган. Дээрлик 5,7 миллион бейтап айыктырылды.
Рушана Султонова, Ташкент
Булак: NazarNews.kg