www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төмөнкү макала «Кумтөр» - акталбаган үмүттөр» китебинен алынды. Китептен алынган үзүндүдөн потриот болумуш болгон Ширин Айтматованын бир тууган агасы Санжар Айтматовдун былыктарын, мурдагы президент Аскар Акаевдин кашкайган катачылыктарын окууга болот. 

3. Алтын ташуу- коррупциялык системанын башаты

Менин оюмча Бирштейндин  башкы максаты, кандай гана жолдор менен болбосун  «Кумтөр» алтын кенин колго алуу болгон. Муну «легендарлуу» парламенттин депутаттык  комиссиясы дагы тастыктап: «Сиабеко менен «Камеко» фирмалары – алар бир эле компания экендиги: өз ара тыгыз байланышып жана биримдикте келип алышып, «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнү далдалчы фирма «Камекого» берүүгө Кыргыз Өкмөтүнүн макулдугун алууга жетишкендиги...» (Булак: стенографиялык отчеттон) деген тыянак чыгарат.

Аскар Акаевдин ишенимине кирген Борис мырза биздин өлкөбүздөн өзүнүн самолету менен 1 т. 634 кг.31 гр. алтынды ташып чыгып кетиши, Кыргызстанда алтын иштетүү саясатында коррупциялык бурулуш жылдардын башаты болгон десем жаңылышпаймын. Ал эми эл ишенимине арзып Президент болгон Акаев өлкөдөгү кен байлыктардын таланып-тонолушуна негиз салган кылмышы нар көтөргүс.

Ошол учурда ар кандай куру убадаларды берип жүрүп, бийликтин «койнуна» киришти билген, алтын өндүрүшүнүн «А»сын билбеген далдалчы-ортомчу Бирштейн кыргыздын бир жарым тоннага жакын алтын күкүмүн тогуз рейс менен Швейцарияга ташып кетүүгөүлгүргөн. Бул баалуу продукция Өкмөттүн макулдугу жок эле, Президент Акаевдин оозеки тапшырмасы менен ташылып кеткен.

Турсунбек Чынгышев

Ал кездеги «легендарлуу» парламенттин депутаты Шергазы Мамбетов башкарган депутаттык комиссия иликтеп чыгып,  нечен ирет маселе койгон экен. Эч кандай бажы  жана башка тийиштүү төлөмдөрүн төлөбөй, менчик самолету менен ташылып кеткен алтындын күкүмү аффинаждалып, Кыргызстанга кайра ташылып келбей,  «Сиабекого» таандык «Вико» компаниясы аркылуу Бирштейндин Швейцариядагы «Индосуэц» банкында 1 миллион 634 миң 315 грамм (1 т. 634 кг.31 гр.) алтын  сакталат. Ошондогу депутаттык комиссиянын тыянагы боюнча ар бир жөнөтүлгөн партиядан алтындын күкүмүнөн 10 кг. жакын алтын дайынсыз жок болгонун тактап чыгышкан.

Мына ушул маселе боюнча Жогорку Кеңештин жыйнында сураганда, «Кыргызалтындын» андагы Президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Сарыгулов, «... 60 кг. жетпей калганы, бизде тараза иштебей калып, КРАЗдын кузовуна канча батат, ошо менен эсептегенбиз. Разница бар...» (Булак: стенографиялык отчеттон) деп оңой эле кутулуп кеткен. Бул иш боюнча убагында Д.Сарыгулов баш болгон жетекчилердин бириси дагы жоопкерчиликке тартылган эмес.

Эми «Вико» компаниясы тууралуу кыскача айта кетели. Бул Цюрихте катталган ишкана. Анын башында Б. Бирштейн отурган. «Легендарлуу» парламенттин депутаттык комиссиянын корутундусу боюнча аталган компаниянын 90 пайызы Кыргызстандын үлүшүнө тиешелүү деп айтышат.             

Мына ушул жерде бир «кылтак» бардай, окурман. Себеби, кыргыз өкмөтүнүн башчысы Т.Чынгышев Б.Бирштейндин Швейцариядагы «Вико» компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгына чектелбеген мөөнөткө мүчөсү болуп шайланат. Эмне үчүн Өкмөт башчысы, болгондо дагы чет өлкөдөгү жеке менчик компаниянын директорлор кеңешинин башкармалыгына мүчө болууга кызыкты экен? Анда эмесе парламенттик комиссиянын стенографиялык отчетуна көңүл буралы.

«...Өкмөттүн атайын токтому жок. Ошентип, эгемендүү мамлекеттин өкмөтүн башкарган адам,  Бирштейндин жеке компаниясынын чиновниги болуп калган. Ага өзүңүздөр баа бересиздер...», (Булак: стенографиялык отчеттон) дейт маалыматта.

Бул кандай? Бир сөз менен айтканда Кыргызстандын Өкмөт башчысы Т.Чынгышев Бирштейндин кол алдындагы жооптуу кызматкери болуп калдыбы, же айлыгы көп ишканага азгырылдыбы?

Эми Бирштейндин көзүн кызарткан «Кумтөргө» келели. Кыргызстандын кен байлыктарына көзүн арткан  «Сиабеконун» артынан өлкөнүн экономикалык айдыңында «Камеко» компаниясы пайда болот. Айрым маалыматтарга караганда, «Кумтөргө» барчу жолдун «арыгын» дал ушул «Сиабеко» чаап келген. Чынында «Камекодон» башка компаниялардан дагы кен байлыкты иштетүү боюнча сунуштар түшүп турган. Маселен, «Грайнберг Продакшн Корпорейшн» компаниясы «Кумтөр» кенин иштетүүдө Кыргызстанга – 80%, фирмага – 20% менен консессияга берүү сунушун билдиришкен. Менимче, бул жакшы сунуш болгон.

Дастан Сарыгулов

Ал гана эмес, ошол учурдагы «Кыргызалтындын» башчысы, ЖКнын депутаты Дастан Сарыгулов парламентте маселе көтөрүп, «Камекону» колдобоого чакырат. «Камеко» андай деле «крутой» эмес, уран боюнча иштейт. Биз менен өтө чоң фирмалар иштешебиз деп жатышат. Мисалы, британский «Артизес». Граждандык долгум катары суранам, Өкмөттөн, Жогорку Кеңештен, Аскар Акаевичтен, воздержаться  от ратификации соглашения с Камекой...» (Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон) деп агынан жарылган.

«Камеко» боюнча Дастан Исламовичтин бул сунушу дагы «суу кечпей» калат. Өкүнүчтүүсү, Дастан мырза арадан эки-үч ай өтүп-өтпөй, Канадага барып келгенден кийин теңирден тескери сүйлөп, кылымдын аферасын колдой баштайт. Ал гана эмес КРАЗдын кузову менен өлчөп  чет өлкөгө алтын ташыган Д.Сарыгулов «Кумтөрдөгү» алтын ылгоочу комбинатты курууда канадалык компания долбоордо каралган суммадан бир канча ашык каражат коротконуна кайыл болуп, «көзүн жумуп», Кыргызстанды кошумча 175 600 00 доллар төлөмөр кылып койгон.

Ошентип, «Сиабеко» таптап жүргөн компания Кыргызстанга келет. Аныгы, Премьер-министр Турсунбек Чынгышев Бирштейндин компаниясынын директорлор кеңешинин башкармалыгынын мүчөлүгүнө дайындалгандан кийин 1992-жылдын 4-декабрында  «Кумтөр» кенин канадалык «Камеко» фирмасына берүү жөнүндөгү генералдык келишимге Кыргызстандын Өкмөт үйүндө эмес, алыскы Канаданын Торонто шаарында кол коет.

Жогоруда Дастан Сарыгулов агынан жарылгандай,  “Сиабеко” компаниясы дүйнөдөгү уранды иштетүү боюнча 2-орунду ээлеген ишкана экен. Ал эч качан алтын өндүрүшү менен иштебептир. Бирштейндин “Сиабеко” фирмасынын шарапаты менен келген “Камеко” компаниясы Акаевдик бийликтин коюнуна кирип, кылымдын аферасына айлана турган “Кумтөр” алтын кенин иштетүү тилегине акыры жетет.

Тагыраак айтканда, “Сиабеко” менен “Камеко” эже-сиңди десек жарашат. Ал эмес ошондогу Өкмөт башчысы дагы “Камекону” “Сиабеко” сунуш кылганын моюнга алган. “Камеко” дейбизби, Бирштейн дейбизби, алардын шылуундугун ушундан билиңиз, алтын өндүрүшүбоюн­ча бир күн иштебеген компания, эч кандай тендерге катышпай, кыргыз мыйзамын тебелеп-тепсеп, Кыргызстандын Өкмөтү менен “мандемдүү” келишим түзгөн.

4.“Легендарлуу” парламентти “курмандыкка” чалган  келишим

Насирдин Исанов каза болгондон кийин Өкмөт башчылыгына келген Турсунбек Чынгышев өз докладында “Камеко” компаниясын түзүк эле жактайт. 1992-жылы 4-декабрда Торонтодо кол коюлган генералдык келишимдин шарты боюнча, “Продукциянын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири компанияга калат: проектини аткаруу үчүн керек болгон финансы каражаттары толугу менен фирма тарабынан каржыланат. Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» (Булак: стенографиялык отчеттон) деп көп нерсени убада кылат.

«Камеко» Канадада жайгашкан. Үч өлкөдө –Түштүк Африкада, Австралияда, Канадада «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү, 52% жеке компанияныкы. Ушундай ишенимдүү экен. Абдан авторитеттүү, солидный, высокопрофессиональный, анан мунун өзүнүн акчасы бар. Ары-бери акча издебей эле өз акчасын иштетет экен...”(Булак: ЖКнын стенографиялык отчеттон) деп байдын кызындай эле мактайт.

Келишимдин “мандемдүү” экени ушул жерде көрүнүп турат, окурман. Биринчиден, келишим мыйзам  бузуу менен түзүлгөн. Экинчиден, башка компаниялардын сунушу эске алынган эмес. Тармактык министрликтердин макулдугу, геолог, юрист, экономист жана башка тиешелүү тоо кен адистеринин  пикирин эч ким уккан эмес. Башкы келишиге кол коюуга Кыргыз Өкмөтү тарабынан Т.Чынгышев, өнөр жай министри Э.Өмүралиев, анан эксперт катары Акаевдин кеңешчиси еврей Л.Левитан катышкан. Ал эми парламенттик комиссиянын корутундусундагы маалымат боюнча “Камеко”тарабынан Торонто шаарында иштеген кызматы көрсөтүлбөгөн эки адам кол койгон.  Мөөрү дагы басылган эмес. Ушундай белгисиз адамдар катышкан шектүү келишим кылым аферасына жол ачып берген.                      

Анан дагы кызык жагдай,  “Кумтөр” боюнча иликтөөлөрүмдүн ичинен «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү» деген маалыматты эч жерден жолуктурган жокмун. Бул жөн эле курулай актануу болгон. Анан дагы компаниянын акчасынын көптүгү тууралуу Т.Чынгышевдин айткан маалыматы дагы калп. Ошончолук эле бай болсо, «Камеко» «Кумтөрдүн» алтынын күрөөгө коюп банктардан кредит албайт эле да. Премьер-министрдин,  «Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» деген билдирүүсү дагы чындыкка дал келбейт.           

Сөзүм курук болбош үчүн Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V  токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын ушул 45,0 млн.долларлык инвестициясы тууралуу билдирүүсүн жарыялайын. Анда мындай далилдүү маалыматтар камтылган: «КГК вкладывала инвестиции в сумме 45,0 млн.долларов США в целях освоения месторождения Кумтор и организации дальнейших геолого-поисковых работ. Указанная сумма являлась частью собственности КГК (Кумтор Голд компании) и не являлась кредитом, однако в уставных документах КГК не было указано, как влияет на уставный капитал и распределение прибыли данная сумма. Данная инвестиция вкладывалась через КГК и являлась его собственностью и капиталом, который должен в будущем приносить прибыль и распределяться между акционерами.                         

Но указанный механизм не был расписан в Соглашении. Роль Камеко в финансировании непонятна: пункт 3.4 соглашения предусматривал 45,0 млн.доларов США как часть концессии Камеко через КГК, а согласно пункту 3.3 данная сумма являлась инвестицией, и не рассматривался как прямой платеж по концессии. Согласно пункту 1 Закона о концессиях, только Правительство КР имеет право распоряжаться прямыми платежами по концессии, поступившими от совместных предприятий-концессионеров, а не Камеко, которая уплачивает 45,0 млн.долларов США как концессионный платеж, а затем распоряжается сама, вкладывая их в качестве инвестиции. В последующем, после внесенных изменений и дополнений к Генеральному соглашению, выделяемые Камеко 45 млн.долл.США были определены как начальная инвестиция, однако в то же время из данной суммы 30 млн.долл.США Камеко обязалась от имени «Кыргызалтына» внести как 2/3 доли 329 «Кыргызалтына», т.е Камеко вроде бы инвестирует 45 млн.долл.США, но параллельно большую часть из них (30 млн) предусматривает в качестве косвенного концессионного платежа и только 15 млн.долл.США - как инвестицию .            

Несмотря, на то что первоначально данные суммы не являлись займом и были невозвращаемыми, в последующем, они были учтены Камеко как предоставленный Кыргызалтыну займ. Таким образом, получается, что со стороны Камеко не было никакой инвестиции, а развитие проекта осуществлялось за счет заемных средств, полученных под гарантию Правительства КР, и основное бремя по уплате долгов несла кыргызская сторона как владелец 2/3 доли проекта Кумтор.»(Булак: «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын отчетунан).                                   

Алтын кенин иштетүүнү максат кылган Башкы макулдашуу ушинтип эле башынан бузулган. Аны так аткарууну талап кылууга милдеттүү адамдар, тескерисинче, канадалыктарды колдоп жүрүштү. Ошо кездеги Өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышевди колу менен «чок карматкан» Президент Аскар Акаев билмексен болуп отурганынын жөнү бар экен, көрсө. Себеби, келишимде каралган «үчтөн эки Кыргызстанга, үчтөн бири «Камекого» тиешелүү» дегени өндүрүлгөн продукция эмес, түшкөн таза пайданын үлүшү экенин көпчүлүк биле берген эмес. Бул жерде депутаттардын дагы башын айландыруу аракети болгон. Ал деле көпкө созулбады. Келишимдин «мандеми» билинип калып, «легендарлуу» парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлүп, көптөгөн «былыктарды» сууруп чыга баштаганда,  Президент Аскар Акаев демилгени колго алып, парламенттик комиссиядан кутулуунун аргасын табат.                                                

Ал парламентте күнөөнү Бирштейнге артып, аны менен кызматташууну токтотконун, ал убадаларын аткарбаганын айтып, чет элдик фирмага ишенип комитет түзгөн катасын мойнуна алат. «Өкмөттүн алтын өндүрүү боюнча программасы жок», деп, Премьер-министр Турсунбек Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматынан кетирген. Ошондогу башкы прокурор Асанбек Шаршеналиевдин, «Считать работу депутатской комиссии Жогорку Кенеша по проверке золотого запаса республики оконченным» деген сыяктуу алдын ала чечим чыгарган  токтомун парламентке сүйрөй келип, сүр көрсөтүп, аким, директор, чиновниктерди, «кызматтан кетирем» деп опузалайт. Айтор,  президент А. Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат, бирине сыйлык берип дегендей, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу максатына жеткен.                                

Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын Башкы прокурору А. Шаршеналиев Канаданын Торонто шаарына барып, “мандемдүү” келишимди колдоп,  бүтүм чыгарып келгени

Апас Жумагулов

Чынгышевдин ордуна Өкмөт башчылык кызматка келген Апас Жумагулов, “... Что оно потеряет, национальное богатство – это не верно. Из чистой прибыли порядка 550 млн. – это наши доходы. Доходы «Камеко» 170...» деп, (Булак: стенографиялык отчеттон) Чынгышев айткан, башкы келишим боюнча өндүргөн алтын продукциясын бөлүштүрүү жомок экенин ачыктап коет. Ошентип, алтын мафиясына «тиш кайраган» Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиядан кутулган Аскар Акаев   канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн Президенттик кызматын болушунча кыянатчылык менен пайдаланган.            

Эми келишимдин юридикалык жагына токтололу. Кумтөр кенин иштетүү боюнча эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөн эмес. Конституцияда “Эл аралык келишимдер Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет” деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, “мейли менчик, мейли чет элдиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеңештен мыйзам катары ратификациядан өтсүн”, деген талаптар бар. Бирок, Аскар Акаев “легендарлуу” парламентти тараткандан кийин, өзүнүн Жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор “чу” дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан, аны башынан эле криминалдуу, көз боёмочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим деп айтууга толук негиз бар.

Кубанычбек Исабековдун «Кумтөр» акталбаган үмүттөр" китебинен алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости