www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Алмазбек Атамбаев чоң ката кетирген. Мыйзам баарына бирдей, ал дагы өз жазасын алсын. Соттор дагы анын Кой-Таш окуясы боюнча ишин башка иштерине кошпой карашы керек”, - деди бүгүн, 3-декабрда маркум Үсөнбек Ниязбековдун апасы Өктөм Мамаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Биз мурдагы эл башкарган адамдарды билебиз. Тарыхты карап отурсак, эгемендүүлүктү алганга чейинки жетекчилер булардай болуп, коррупцияга батып, элина каршы чыккан эмес. Мен 22 жылдан бери Россияда жашап, иштеп келем. Атайын балдарымды окутуп, билим алсын деп кеткем. Бир гана балам элге, «Мекенге кызмат кыламын» деп калып калган. Балам террористтердин колунан же кандайдыр бир сырткы күчтөрдүн колунан каза тапса, !ар бир адамга өлүм келет” деп ыйлап калмакмын. Бирок уулумдун Мекенге ак кызмат кылып жүрүп, болгондо дагы эл башчынын колунан ок жеп каза болгону мага чоң таргедия. Бул Мекеним үчүн дагы трагедия. Булардын баарына Атамбаевдин айланасында тегеректеп жүргөн адамдар күнөөлүү. Каргашалуу Кой-Таш окуясына ошолордун акылсыздыгы дагы чоң таасир берди. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө таш түшүрүп, баарын даярдап алганы бул коркоктук, акылсыздык. Анын кесепетинен УКМКнын бир кызматкери каза болсо, бири оорукчан болуп калды. Канча энелер ыйлады. Кайра саясий куугунтук деп өзүн ак көрсөтүп жатат. Ага эч ким куугунтук кылган жок, болгону Албек Ибраимовго болушуп, Сооронбой Жээнбековго каршы чыгып, иштөөсүнө тоскоолдук жаратты. Мыйзамдуу мамлекетке, өз элине каршы чыкты. Ал эми жактоочулары, соттордун иш аракети мени канааттандырбайт. Атамбаевди эркелетпей, сотко алып келип, суракка алышы керек. Же иштери оордунан жылбай, бир натыйжа чыкпай жатканына мен күйүп жатам. Сот отуруму болгону менен ал жакта дагы коррупциялык иштер болуп жатканы бизди нааразы кылууда. Мыйзамдуу өлкөдө тоок уурдаган адам дагы өз жазасын алат. Миллиондорду уурдап, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, көптөгөн туура эмес иш кылгандар, өз кызматкерлерине ок атып, өмүрүн кыйганга чейин барган адам мыйзам алдында жооп беришсин. Өз жазасын алсын. Соттор Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча ишин өзүнчө карабай жатат. Ал окуяда мен оор жоготууга учурап, баламдан айрылдым. Мен үчүн чоң трагедия. Энемин канча түн көз жашым акты. Менин балам ошол чуулгандуу окуяда мекенге кызмат өтөп жаткан. Бирок соттор Кой-Таш окуясы боюнча иштерди соттук отурумда экономикалык иштерге аралаштырып кошуп карашууда. Мен сотторго кайрылып кетем. Бул жерде Алмазбек Атамбаев чоң ката кетирген, башкаларга аралаштырбай ишти жакшылап карап, калыс чечим чыгаргыла. Эне катары силерден суранам. Ошону менен катар Атамбаевдин тарапташтарына жана айрым депутаттарга дагы айтаарым анын күнөөсү жок деп актаганы мени жана элдин кыжырын келтирүүдө. Сотторго, бийлик өкүлдөрүнө кайрылаарым, адилеттүү чечим болсун, ким адам өмүрүн кыйып, зыян келтирсе өз жазасын алсын. Мыйзам баарыбызга бирдей. Балам Үсөнбек Ниязбеков мамлекетке ак кызмат кылып жатып каза болду. Элина каршы чыгып, ок аткан президенттин кылыгына мен күйүп жатам”, -дейт Өктөм Мамаева. 

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 7-августунда Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Үсөнбек Ниязбековго ок тийип, ооруканада операциядан кийин көз жумган. Ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын подполковниги, "Альфа" атайын кызматынын башчысынын орун басары болуп эмгектенген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости