www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖАМК: Соттолгон төрт адам вирустан каза болду

Түзөтүү колонияларындагы соттолуучулардын 100гө жакыны коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Аскат Эгембердиев билдирди. Ал "ЖАМК башчысы мунапыс, колониядагы экстремисттер жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча абал жөнүндө" деген аталышта өткөн брифингге катышты. 

Анын айтымында, ЖАМК COVID-19 менен күрөшүүдө бардык чараларды көрүп жатат."Пандемиянын биринчи толкунун эске алганда 100дөн ашык соттолуучудан коронавирус табылды. Учурда төртөө дарыланып жатат, калгандары сакайып кетти. Тилекке каршы, төрт адам бул илдеттен көз жумду. Белгилей кетчү жагдай, оорудан улам көз жумгандардын саны былтыркы статистикадай эле. Анда пандемия жок болчу", — деди жетекчи.

Эгембердиев ЖАМК коронавирусту алдын алуу жана дарылоонун алгоритмин иштеп чыкканын кошумчалады.

"Биз төрт ыкчам бригаданы уюштурдук. Медиктер күнү-түнү кырдаалга көз салып турушат. Жалпы 13 медициналык-санитардык бөлүк, төрт саламаттык сактоо пунктусу, эки оорукана бар", — деди ал.

Эгембердиев эгер соттолуучулардын жакындары келсе алардан сөзсүз түрдө ПЦР-анализдин жыйынтыгы талап кылынарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости