www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылы бийликти алмаштыруу жолун «революция» деп атап жаткандар калпты каратып туруп айтып жатышат. Себеби, Атамбаев, Отунбаева, Текебаев жана башка «убактылуучулар» революция кылган болсо, ал иш өзүнүн маани-маңыз, мүдөөсүнө жетпеген соң, бул ачык эле «төңкөрүш» болгонун далилдеп турбайбы!

Муну айтып жатканымдын себеби, алар «Бакиев мамлекетти бала-бакырасы жана тууган-уруктары менен биригип тоноп кетишти» деп айгай салышкан эле. Ошол кездеги «убактылуучулар» Бакиевдердин болгон мүлктөрүн мамлекетке кайра чыпчыргасын коротпой өткөрүп жаткан сыяктанды эле, көрсө бул эргулдар «май кармаган бармагын жалайт» болушуп, партия-партия болуп, ошол учурду өздөрүнө пайдаланып, аябагандай мүлк топтошкон экен да.

Буга бир эле мисал (мындай мисалдар ого эле көп), Максим Бакиевдики делген БНК май куюучу жайы мамлекетке алынат дагы, бир аз убакыт өтүп-өтпөй кайра сатыкка коюлат. Муну «банкрот» деп таап, иш жүзүнө кимдер ашырды дебейсиңерби? Кадимки эле «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү, ошол кездеги мамлекеттик мүлк фондусунун жетекчиси Абдылдаев Шералы жана ликвидатор болуп барган Сайдулла Нышанов!

Булардын артында Текебаев турганын айтпаса да түшүнүктүү! Кийин Шералы Абдылдаев былык иштери чыга баштаганда, өлкөдөн качып чыгып кеткенге үлгүрөт. Азыркыга чейин ал эргул таптырбай жүрөт, мүмкүн аны издебей коюу ошол кездеги бийликтегилер үчүн ыңгайлуу болгондур. Аны убагында убактылуу качырышканына таңкалбайм. Текебаевдер реванш кылып кайрадан бийлике келип калса, эртеси жылтырап кайра Шералы Абдылдаев келип калышы ажеп эмес!
А азыркы жаңы келген бийликтегилер эмне үчүн териштирүүгө албай жатканы белгисиз...

Сыймык Жапыкеевге деле партиялашы Турат Акимов дагы чыдабай кайрылуу иретинде абдан сонун оюн айткансыды. Ал гана эмес, наказ түрүндө да бергендей болду. 2010-жылдан беркинин баарын кайрадан бир сыйра аудитордук текшерүү жүргүзүү - бүгүнкү күндүн талабы экендигин С.Жапыкеев дагы түшүнүп тургансыйт.

Эми Сыймык Жапыкеевдин каржы полициясы ушул иштердин баарын кесипкөйлүк менен камырдан кыл суургандай кылышабы же ара жолдо калтырышабы? Себеби, ал өткөндө кол алдындагыларга бекер жерден кесипкөйлүктөрүнө тынчсыздануу менен кайрылган жоктур...

Ошол эле БНК май куюучу жайы мамлекетке алынып, кайра жеке колго болгону 3 миллион сомго сатылып, ал сатып алган адам бир аз убакыт өткөрүп туруп кайра 33 миллион сомго сатты дегенин угуп калдык. Ошол сатып алган экинчи адам БНКны 100 миллион сомго орус бизнесменине сатып жибергенин дагы эшиттик.

Мына ушинтип мамлекеттин мүлкүн 2-3 колдон өткөрүп, «изин суутуп салдык» дегенчелик кылып, алаканын ушалап отуруп калган кездери.

Эми буга окшогон мүлктөр мамлекетке киримиш болуп, кайра башка колдорго сатылып кеткендери толтура. А мамлекеттин өзүнүн мүлктөрүнүн итбекер менчиктештирилгендери өтө эле көп.

Маселен, ошол эле «Гоин», «Таатан», ЭВМ заводу, Чүй көчөсү менен Киев көчөсүнүн ортосундагы мамлекеттик басмакана итбекер менчиктештирилип, кимдир бирөөлөр ушул убакка чейин алаканын ысытып, акчасына туйтунуп келет. Мурунку арак заводун кыянаттык менен банкрот кылышып, ал дагы арзан баага сатылып, менчиктештирилип кетти.

Бирок, ушул убакытка чейин буларды бийликтен бирөө жарым текшерип чыкпады. Мына азыр ушуга окшогон нерсенин баарын кайра орду-ордуна коюу маселеси турат.

Ошондуктан, кесипкөй адистерди тартуу менен бүгүндөн калбай ишти баштоо зарыл. Дегинкиси, мамлекетти 30 жылдан бери тоногондордун бетин ачып, кайра мамлекеттин мүлкүн кайтарууга мезгил келип жетти окшойт.

Булак: "Азия News" гезити

 

Последние новости