www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсан Асанов кол топтоо документтерин БШКга тапшырды

Бүгүн, 3-декабрда, КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына КРнын президентинин кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер Курсан Сатарович Асановдун кол коюу барактары түштү. Тапшырылган колтамгалардын саны – 43 864. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

“КРнын президентин жана КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында берилген колдордун саны шайлоочулардын 60 миң колунан ашууга тийиш эмес.

КР БШКнын кол коюу барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу тобу берилген колтамгалардын аныктыгын текшерүүнү 8 календарлык күндө жүзөгө ашырат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости