www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-декабрда Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине коронавирус илдети менен күрөшүүсүнө көмөк көрсөтүп, ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөдө орун алган кырдаалга байланыштуу Корея эчилиги 100 даана жеке коргонуучу кийим, 450 даана коргонуучу көй айнек, андан сырткары, 150 даана бут кийим үчүн коргонуучу чехол, 400 даана кол кап тапшырды.

Жеке коргоонучу каражаттар ИИМдин Медициналык башкармалыгынын кызматкерлерине арналган.

ИИМдин бейтапканасынын начальниги Индира Абдыгулова Корея Республикасынын элчилигине ыраазычылыгын билдирип, ИИМдин бейтапканасынын кызматкерлеринин ден соолугу бардыгынан жогору экендигин айтып өттү.

“Өз кезегинде КР ИИМ коопсуз иштөө үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Корея Республикасынын элчилигине көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет”, – деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости