www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Исхак Пирматовду адам кылган, көчөдө жүргөн жеринен кызматка орноштуруп, улам чоңойтуп отурган Азиз Турсунбаев эмес беле? Көрсө, убакыт кимдин-ким экенин далилдейт тура, - деп жазып чыкты "АЗИЯnews" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

«Кыргызнефтегаздан» Пирматов өлөрчө байып алып, оозу-мурду кыйшайбастан акесин сатканы, аягы оппонент болуп, Ала-Бука районунан добуш талашып калганына кандай баа бересиңер? Кийин «Республика» фракциясынын лидерлигинен Канатбек Исаевди кетирүүнү башташып, интрига кылышып, дал ошонун чордонунда Пирматовдун кайнаганы калппы?

Кийин Канат мырза башын чайкап, ушунчалык бетсиздиктин жеткен чегине баш чайкап жүрдү го? Үзөңгүлөштөрдү, досторду сатып кетүү кеп бекен? Соңку кызыктарга келсек, ушу тапта «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен Исхак Пирматовдун мамилеси сууп, экөө эки жакты карап калганы ыраспы? Амалдуу Исхак «Бир Болдун» шансын байкап, акырындык менен Төрөбай Зулпукаровго ыктай баштаганы, ага жабышуу менен кайрадан парламентке келүүнү кыялданганы ишке ашабы?

Дал ушул жерден пластинканы артка түрдүрөлү: 5-чакырылышта Өмүрбек Текебаевдин жаалданганы менен олуттуу маселе козголуп, Исхак Пирматов олчойгон коррупцияга шектелип, башкы прокуратура камакка аларда Алтынбек Сулайманов арачыга түшүп, депутаттарды түп көтөрүп, коомдук пикирди көзөмөлдөп, президенттин аппаратына чейин аброюн салып, айтор, түрмөнүн оозуна жеткизбей сактап калбады беле? Мына ушул жакшылык үчүн өмүр бою Алтынбек мырзанын аягынан өпсө да аздык кылбайбы?

Эгер камалып кеткенде ошол бойдон жок болмок да, туурабы? Тилекке каршы, реалдуу турмушту кечээги кыйынчылыктарга туруп берген досун эми Төрөбай Зулпукаровго алмаштырып, башын аттап кетсе эл эмне дейт? Коомчулук түкүрүнүп ийсе көлгө айланып кетпейби?.. Али кызыктар баштала элек. Азырынча сабыр этип, суроо гана жолдоп турабыз. Мерчеми келгенде "Мээлегенге" да кез келет. 

Булак: NazarNews.kg  

 

Последние новости