www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда кортежге ок атылып, мурдагы премьер-министр Имран Хан жаракат алды.

Маалыматка караганда, окуя өлкөнүн борбору Исламабаддан 200 чакырымдай алыс аралыктагы Вазирабад шаарында болду. Хан партиядагы кесиптештери менен шайлоо алдындагы турнесин өткөрүп жаткан маалда белгисиз адам автоматтан ок чыгарган. Экс-премьерден сырткары дагы бир нече адам жаракат алып, бир киши каза болгону кабарланды.

Имран Хандын бутуна ок тийип, ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин кабарлашты. Өкмөт башчы Шахбаз Шариф кол салууну айыптап, окуяны кылдат иликтөөгө тапшырма берди.

Имран Ханга парламент ишенбөөчүлүк көрсөткөндөн кийин апрелде отставкага кеткен. Азыр ал оппозицияны жетектөөдө. Соңку күндөрү Хан менен анын тарапташтары Исламабаддагы жүрүшкө даярданып жатышкан. Алар тынч нааразылык болорун айтышкан. Соттун чечими боюнча Хан келерки жылы шайлоого катышуу укугунан ажыраган, бирок анын тарапташтары Жогорку сотко даттанышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости