www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРК орусиялык ОРТ менен РТР каналдарын пайдалангандыгы  үчүн 25 миллион сомдон 50 миллион сом төлөйт. Бул жерде ой турат, эмнеге Москванын мыкты телеканалдары кайра бизге төлөп көрсөтүшпөйт? ОРТ менен РТР каналдарына 50 миллион сом төлөгөнүбүз менен алар Кыргызстанды кез-кезде чоочугансып көрсөтө калбаса, Андрей Малаховго окшогон шовинисттер төбөгө чаап акыл үйрөтүп турушат. Кыргыздар Малаховго окшогон шовинисттерден кээде жаман сөз угуу үчүн 50 миллион сом төлөйбүз. Бул жерде эмне деген логика жатат? Жайнак Үсөн уулу келгени КТРКдагы жарнамага акча төлөө төмөндөп жаткандай. 2019-жылы  58 миллион сомго гана жеткен, анын 50 миллион сомун ОРТ менен РТР каналдарын пайдалангандыгы  үчүн берсек, калганын төлөш үчүн КТРК деле бюджетти карап оозун ачып жалдырап жатпайбы? 2020-жылы октябрдагы парламенттик шайлоодо миллиондорду алып КТРК ойсолоктогону менен элге жардамы деле тийген жок. Үсөн уулу тынбай көрсөтүп турчу ОРТ менен РТР каналдарына жарнама берген күндө деле алар жалпы Орусияда көрсөтүшпөйт, биздин аймактарда гана көрсөтөт. Кыргызстандан эч акча албаган “Мир” телеканалы аларга салыштырмалуу дайыма биздин мамлекеттеги кабарларды берип турат. Бизден миллиондогон акча алып, бирок Кыргызстанды чанда көрсөткөн  ОРТ менен РТР каналдарына акча төлөп кереги барбы? КТРКнын жетекчиси алмашып Алиев Бахтыяр келди, эми дагы онтолойбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости