www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экинчи рынокто «Кыргыз фонд биржасы» ЖАК 7,5% акциясын сатып алды жана 2020-жылдын 31-декабрында расмий түрдө анын акционери болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өткөргөн фондулук рынокту өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды. 

Фонддун «Кыргыз фонд биржасы» ЖАК капиталына кирүүсү анын ишкерлик секторун колдоого алуу, экономиканы өнүктүрүү боюнча аспаптарын кеңейтет жана ал өлкө экономикасы үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоого гана эмес, Кыргыз Республикасынын финансылык рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышууга ниеттенүүдө. 

«Мындай ири оюнчунун пайда болушу баалуу кагаздар рыногуна потенциалдык инвесторлордун көңүлүн бура алат, өз кезегинде бул атамекендик фондулук рынокто инвестициялык курамды күчтөндүрүүнүн катализатору болот. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын резидент компанияларынын кагаздары боюнча потенциалдуу жоготууларды жана чыгашаларды жабууга резервдер боюнча талаптар 50дөн 5%га чейин төмөндөтүлдү», - деди Артем Новиков. 

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан келечекте өлкөнүн фондулук рыногун, атап айтканда,  корпоративдик облигациялар жана акциялар секторун өнүктүрүүгө көмөк берүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. Алгачкы баскычта институционалдык инвестор катары ири облигациялык чыгарылышытардын көлөмүнөн 15%га дейре сатып алуучу фонддун ишмердүүлүгү негизги милдет болуп калат.

Жолугушууда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишенимдүү рейтинги бар жаңы эмитенттердин пайда болусуна көмөктөшүүгө ниеттенүүдө. Алдыга коюлган иш-чаралардын ишке ашырылышы корпоративдик облигациялардын биринчи жана экинчи рыногун активдештирүүгө, алардын ликвиддүүлүгүн жана капиталдык көлөмүн жогорулатууга алып келет.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жакынкы арада Финансылык рынокту өнүктүрүү стратегиясын даярдап, бекитүүгө алып кирүү жана фондулук биржадагы компаниялардын иши үчүн тейлөө акысын төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости