www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылыч Шанаев: «Эмне үчүн Адахан Мадумаров?»

Тээ 1995-1996 жылдары айылда чоң атам радиодон парламенттин сессиясын угуп жатаар эле. Ошол сессияда маңыздуу, маанилүү, сүйлөгөн «Мадумаров» деген, фамилия чанда айтылып, чоң атамдын купулуна толуп баштаган. Өз кезегинде чоң атам ким менен сүйлөшпөсүн «өлкөдө мыкты кадр өсүп келе жатат. Мадумаров мыкты жигит! Сүйлөгөн сөздөрү орундуу. Мына ушул жигитти мамлекет башына алып келиш керек» деп көп айтаар эле. 

А мен болсо жаш 2-3 класста окуган мектеп окуучусу. Саясаттан эч кандай түшүнүк жок. Жөн эле чоң атамдын башын оорутуп «Мадумаров ким? Ал эмне иш кылат? Кайда жашайт? Сиз аны менен жолуккансызбы» деп башын оорута берээр элем.  Чоң атам анын жакшы инсан экенин, жакында кудай буйруса жолугуп, ыраазычылыгын айтаарын көөп айтып берчү.

«Мадумаров» деген фамилияны мына ошондо кулагым чалып калган. Же анын кебетесин бир көрсөмчү. Сөзүн эле угабыз, өзүн көрбөйбүз. Чоң атам телевизор көрчү эмес, радио гана укчу. Ал эми сессияны телевизордон атам гана көрчү. Эми ойлосом Мадумаров бүтүндөй өлкөнүн жемкорлорун титиреткен, президенттин бетине ачуу чындыкты айткан жапжаш 30 жаштагы жигит. Азыр бизде барбы ушундай чындыкты бетке айткан, билимдүү, курч жаш саясатчылар? Болушу мүмкүн бирок мынчалык эмес.

Эс тартып 7- класстан өтүп калган убактар болсо керек, Мадумаровдой болууну самап калганбыз. «Кана эми келечекте ушундай билимдүү, эр жүрөк инсан болсок» деп ниет кылчубуз. Жыл өтүп, 9-10 класста окуп жаткан кездерде «анкета» деген балее бар эле, эсиңиздерде болсо? Ошол анкетада «идеал туткан адамыңыз ким? Же болбосо келечекте кайсы атактуу инсандай болгуңуз келет» деген суроолорго көпчүлүгү «Мадумаров» деп жооп берет беле сиздерде дагы? Мына ошондон баштап менде дагы «Мадумаров» деген ооруу менен оруп баштагам.

2004-жылы мектепти бүтүп, Бишкек шаарына университетти көздөй жол алдым.

2005-жылы депутаттык шайлоодо элдин нааразычылыгы күч алып, толкундоолор башталды. 1-курс убагым. «Бүгүн митинг» деген күн. Элдин баары жыйылып «Ала-Тоо» аянтына чогула баштады. Университеттер жабылып, эл «эмне болуп кетет экен» деп турган убак.

Мен таң атпай эле ошол жерде. Ак каскачандарды бийлик кантип даярдаганга чейин көрүп олтурдум. Саат 9 дан эле даярдык көрүлө баштаган. О жок бу жок Акаевдик бийлик кулады. Ошол кезде өлкө башына «Мадумаров келсе экен» деп, күтүп олтурдум. Эмнегедир көзүм чалдыккан жок. Кудай насип экен Бакиев келди.

Бакиевдик бийлик менен аздыр көптүр иштешти. Кандай иштегенин өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бакиевдин туура эмес жасап жаткан иштерин бетине айткан жападан жалгыз саясатчы экенин танбасак керек. Көзү тирүү күбөлөр бар азыр деле.

Кайсы жылы экени так эсимде жок, досум Эмилбек Эргешов досум экөөбүз Турусбеков көчөсүндө жайгашкан имаратка «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына мүчө болгону барганбыз. 2008-2009 жылдары болуш керек. «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына жана бала кезден кыялданып, тилек кылып жүргөн инсанга бир кадам жакындадым.

2010-жылы Бакиевдик режим дагы кулап, өлкөгө парламенттик башкарууну жактаган оппозициялык күч ээлик кылып калды. Жакында референдум анан 10-октябрь парламенттик шайлоо. Даярдык күч.

Мен дагы өз жардамымды сунуштап, башкы кеңсеге келип, Мадумаровду колдоорумду айтып, кандай жардам болсо даяр экенимди билдирдим. Ошентип, күндө партиянын эшигин сагаламай башталды. Көңүлгө жакпаган адамдар көп кездешти. Бирок, максат башка. Ошондуктан, аягына чейин күрөшүү керек эле.

Мага партиянын ичиндеги интриганттардын жасап жаткан иштер анча жага берген жок. Керектүү үгүт материалдарды алдым дагы туулуп өскөн айылыма зуу койдум. Таксиге толтура гезит менен китеп басып алганмын. Таксист да Мадумаровду колдогон үчүн кошумча акча алган эмес. Ал кезде агитация күч алып, кызып жаткан маалы.

«СДПК», «Ата-Мекен», «Ак-Шумкар», «Ата-Журт», «Республика» дагы бир топ партиялар айылды ээлеп алышкан. 

Алгач, «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын координатору ким экенин тактап алуу керек болду. Атамдан сурасам «Биймырзаев Рахман» деп, жооп берди. Ал киши ыраматылык болуп кетти. Кубанычбек Биймырзаевдин атасы. Уруп эле үйүнө бардым. Жылуу кабыл алып «күрөш катуу болот. Бүт акчалуу партияларга туруштук берүү кыйын. Бир жагынан бийлик дагы кысым көрсөтөт. Бардыгына даярсынбы? Өзүңдүн аталаш Рыскул акең «СДПК» менен баратыры, бул жагы кандай болот» деп суроо узатты.

- «Мен тууганчыл эмесмин! Мен мамлекетчилмин! Кандай болсо да даярмын. Эң негизгиси «Бүтүн Кыргызстан» парламентте болушу керек» деп сөзүмдү аяктадым. Кол алышып, агитацияга чыгып кеттим. Жөө, колумда үгүт материалдар. Таш-Арык участкасынан баштап Бирлешкен айылына чейин, гезит, китеп таратып келдим. Китеп, гезит алган кишилер ыраазычылыгын айтып колдоорун билдирип жатты.

Үгүт материалдарын таркаткан сайын элдин жүзүнөн жылмаюу көрүп жаттым. Кечке жуук Өкмөт үйүнө келсем, атайын Ош шаарынан Жумамидин Сулайманкулов үкөм байкоочу болуп келиптир. Жаңылбасам эми гана 1-2- курстун студенти болсо керек эле.  Ал жайды сурашып, үйдү көздөй бет алдым. Кызыктын баары үйгө келгенде башталды. Чоң атамдын үйүнө туугандар чогулуп, мени агитация кылуумду токтотуп, өзүбүздүн тууган Рыскул акени колдоо керектигин айтып анча эле сөктү. 30 мүнөт насаат айтты. Эч бир сөз айткан жокмун. Себеби, мени ошентип тарбиялаган.

Акырында чоң атам «өзү билет! «Тем более» Мадумаровду колдоп жатса эмне мынча тоскоол болосуңар? Ишиңерди кылгыла» деп баарын жолго салды. Бул сөздөр мага дем күч берди. Чоң атамдан өз учурунда Бакиев бата алып кеткен. Кудай буйруса «Мадумаров дагы келип, бата алып кетет сизден» деп ишендирдим.

Шайлоо өттү. Ыплас өткөн жеке биздин айылда.  Канчалаган бут тосуулар болду. Ошол кездеги өкмөт Белек аке «Республика» партиясын колдогон «экономиканы өнүктүрөт. Бабанов мыкты менеджер» деп. «СДПК» менен «Республика» катуу тирешкен бирок. Бирөөсү акчасына ишенсе, бирөөсү бийлигине ишенген.

Көчөдө тартышып калдык «СДПКнын» координатору Улук аке мени «ата - бабаң тааныбаган инсанды колдоп эмне кыласың? Суунун агымына карап эл менен бир болбойсуңбу» деп жемелесе, бир тараптан өкмөт «жок дегенде Азиз акенди колдоп кой, эртең жардамы тиет. Мадумаров сага эмне кылып берет эле» деп экөө эки жактан бир топ кишилердин арасында кепке калтырды. Ошондогу жооп бергенимди жазсам «мактанып жатат» дейсиңер. Бийлик менен акча бүгүн бар эртең жок. Мен силердей болуп акча же бийлик үчүн эмес келечек, абийир, намыс үчүн күрөшүп жатам. Эгерде бүгүн бийликте башкалар болгондо ошолордун арыгын чапмаксынар. Бул деген саясат» деп кыска жооп бергем.

Шайлоодон кийин көргөн билгендер «биз эми тигинин сөзүн 2 кыла албадык. А так жүрөктө Мадумаров» деп кыжырды кайнатышты.

Ошол шайлоонун жыйынтыгында «Бүтүн Кыргызстан» парламентке кирбей калган. Кандай жол менен экенин менден жакшы билесиздер. Биз Рахман аке менен Таш-Көмүргө келип жол тосуп, нааразычылык акцияларын баштайбыз деп, эл чогулуп жатканда, Бишкектен звонок барды. «Токтоткула! Элди кыйнап жатасыңар! Оорулуу инсандар, мөмө-жемиш алып келе жаткан дыйкандар кыйналат. Мыйзамдуу жол менен күрөшөбүз» деп токтотуп койгон. Ошол учурдагы элдин саны аябагандай көп эле. Аны айткан менен азыр көпчүлүк ишенбейт. Кыскасын айтканда Бутуңду садага чабышты. Себеби, биягы өзү коркунучтуу болуп калган. Мадумаров парламентке келсе эмне болорун жакшы билишкен. Адилеттүү шайлоо өткөн жок. Элдин укугу тебеленди. Чындык убактынча жеңилди. Өлкөнү баягылар каалагандай калчашты. Мамлекетти сазга батырышты.

2011-жыл кайрадан шайлоо. Бул сапар президенттик. Бул жолу менин жардамым Бишкек шаарына керек болуп калды. УИКте комиссия мүчөсү болуп калдым. Бул шайлоо кандай өткөнүн жакшы билесиздер. Эң кызыгы парламенттик шайлоодо айылда мени менен айтышкан акелерим бул сапар Атамбаев үчүн биригишип, эч нерсе болбогондой дос болуп кетишиптир. Парламенттик шайлоонун астында ушул сөздү экөөнө айткан элем. Бул жолу дагы чындык жеңилди. Мен дагы да болсо чындык тарапта кала бердим. Мамлекеттин таш талканын чыгара беришти.

2015-парламенттик шайлоо. Анча аралаша берген жокмун. Иш чачтан көп болуп, бирок мурдагыдай эле колдоп жаттым. Айылдан так эсимде жок 1-2 орунду багынтканбыз. Ал эми жалпылап алганда «Бүтүн Кыргызстан» дагы садага чабылган. Ушул жерде бир чындык бар. Аны учуру келсе өзү айтаар. Эң негизгиси «Мадумаров өтпөй калды деп башты мыкчып» кала бердим. Өлкө дагы да сазга батып бара берди. Жыйынтыгы эмне болду?

2017-жылкы президенттик шайлоо.  Акча менен бийликтин күрөшү жүрдү. Жеке биздин айылдан Жээнбеков деп чуркап бийлик админ ресурсту керегине колдонду. Бабанов бир эле айылга 15 агитатор жалдап,акча менен жеңип алууну туура  көрдү. Мына ушул жерде айта кетчү нерсе биздин Көк-Серек айылы акчасын дагы бийлигин дагы уруп ойнободу. Бул жолу Мадумаровго 821 шайлоочунун 422 си өз добушун берди. Элди ташыган ошолор, 1000 сомдон берген ошолор бирок урнага келгенде өздөрү билишти. Өкүнүчтүүсү башка жактагылар акчага азгырылыштыбы же бийликтин кысымына туруштук бере албадыбы, айтоор, биз күткөн жыйынтык болбой калды. Шайлоо кандай өткөнүн өзүңүздөр билесиздер.

Жыйынтыгы эмне болду?

2020-жыл парламенттик шайлоо. Акча, бийлик, абийир күрөшү. Көпчүлүк бул сапар акчага азгырылды. Бийликчил деген партиялар көздөгөнүнө мыйзам чениминде жеткени менен абийир, Кудайдын мыйзамы алдында арам экени тастыкталды жана жокко чыгарылды. «Бүтүн Кыргызстан» партиясы жеңишке жетти. Бирок Мадумаровдун абийири жол берген жок «мыйзамдуу шайлоо өттү» деп шайлоонун жыйынтыгын таң алганга. Бул жагынан көпчүлүк өз баасын берди. Жыйынтыгы эмне болду?

Мадумаров кайсыл бийлик болбосун чындыкты чыркыратып айтып келет. Бирок эч ким уккусу келбейт. Мадумаров көзүнө сайып көрсөтүп, жатса да көрмөксөн болушту. Натыйжада эмне болгонун өзүңүздөр көрүп турасыздар.

Акаевге «мамлекеттин завод-фабрикаларын менчиктештирүүгө берсенер, элди тентитип жибересинер» деп айтып келди. Укпады. Натыйжада 1 млндон ашуун кыргыз мигрант болуп кетти.

Бакиевге «уулуңузду кызматтан алыңыз. Арабаны аттын алдына салып чаап баратасынар,абайлагыла кулап түшөсүңөр» деп мунусуна да эскертти укпады. Жыйынтыгы эмне болду?

Атамбаев менен не деген гана тирешүүлөр го барбады. Өлкөнү Атамбаев Балп эткен сайын сын айтып, түн уйкусун 4 кө бөлдү. Партиялаштар канчалаган куугунтук жеди. Бул дагы укпады. Жыйынтыгы эмне болду?

Жээнбековду эмне деди эле? «Соке өзү жакшы киши бирок, мамлекет башкара албайт. Жетелеме» деди беле? Бет маңдайына олтуруп алып эмне деген сөздөр менен ачуу чындыкты айтты! Муну да укпады.  Жыйынтыгы эмне болду?

Бүгүнчү? Бүгүн кандай болуп турат? «Мамлекетти аңга жетелеп баратат» десе дагы эч ким укпай жатат. Жалгыз киши эмне болсо ошол болсун мамлекетти жоготуп албайлы.

Мына мен эмне үчүн Мадумаровду колдоп келем. Ар дайым адилеттүүлүк үчүн күрөшүп келебиз, ар дайым чындык көчөдө. Акча, каралар, уурулар, жемкорлор бийлеген өлкөдө акыйкат ыйлап көчөдө.

Бул күндөр дагы өтөт. Бүгүн айткандарын эртең бүгүнкү бийликти коштоп жүргөн кошоматчылар «Мадумаров туура айткан экен» деп чыгышат. Буга көнүп дагы бүттүк. Себеби, ар бир бийлик кеткенден кийин Мадумаровдун айткандары туура боло берет.  Бийликке кандай сын айтылса, ошонун негизинде кызматынан айрылып, өлкөнү сазга батырып жатышты. Эчтен көрө кеч болсо да чындыкты айтып жатса, уккусу келбеген кулактар, баарибир өлкөдө бир күнү чындык орнойт. Болгону кеч болуп баратат. Ушул убакка чейин канча агитация кылып, ысык суугуна тоңуп жүрсөм дагы 1 тыйын алган эмесмин. Келечек үчүн албайм дагы.

Бүгүн дагы төш каккылап жүргөндөр, балким жеңишинер мүмкүн, бирок өмүрү кыска. Эмне үчүн? Адилеттүүлүк, чындык баарибир өз сөзүн айтат. Туура жол менен барганда балким мен дагы силерди колдомокмун. Мадумаров өз позициясынан кылдай кыйшайбай келет. Соодалашуу, жеке кызыкчылык, эч качан адамды сатып кетпейт. Убада бердиби аткарат. Али көп чындык ачыкка чыгат. Жакынкы күндөрү баарына өзүңүздөр күбө болосуздар.

Ошондогу Мадумаровду каралап, эл душманы деп жүргөндөр бүгүн «туура айткан экен» деп макул болуп олтурушат.

Эмне үчүн Мадумаров?

Кылыч Шанаев

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости