www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көп кабаттуу үй жарылып, төрт адам каза тапты

Орусиянын Ханты-Мансийск автономдук округундагы Нижневартовск шаарында көп кабаттуу үй жарылып, кеминде төрт адам өлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар тиешелүү мамлекеттик кызматтарга таянуу менен кабарлады.

Жарылуудан улам имараттын бир бөлүгү кулап түшкөн. Урандылардын астында дагы кишилер калып, он чакты адам жабыр тартканы, бир нечеси оор абалда экени айтылды.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, турак-жайда тиричилик техникасы үчүн коюлган газ жарылып кеткен. Ал үйдү оңдоо үчүн колдонулган болушу ыктымалдыгын "Интерфакс" агенттиги жазды.

Ханты-Мансийск автономдук округу Орусиянын Батыш Сибир чөлкөмүндө жайгашкан субъекти. Ал мунайды жана газды көп өндүргөн аймак болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости